Казакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталды. Бул мессенжерлерге тиешелүү эмесОш шаарына кошулган Жаңы-Маала айылында масштабдуу курулуштар башталатЕАӨБ Кыргызстандын өнөр жайынын белгилүү болбогон мүмкүнчүлүктөрүн атадыСалык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоого зарыл болгон документтердин тизмесин жарыяладыКыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бекитилди«Тазалыктын» жетечиси унаа сүзүп каза болгон кызматкер тууралуу комментарий берди
Бишкекте эки унаа сүзүшүп, үч адам ооруканага түштү (видео)
09.03.2023 | 16:24
Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Mazda 6 жана Toyota Corolla унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болуп, үч адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ч. Айтматов жана М. Гшлиессер көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 10:00до болгон. Mazda 6 унаасы Ч. Айтматов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, М. Гшлиессер көчөсүнөн чоң жолго чыккан Toyota Corolla менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен үч адам – эки айдоочу жана Mazda 6 унаасынын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз