Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте эки унаа сүзүшүп, үч адам ооруканага түштү (видео)
09.03.2023 | 16:24
Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Mazda 6 жана Toyota Corolla унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болуп, үч адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Ч. Айтматов жана М. Гшлиессер көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 10:00до болгон. Mazda 6 унаасы Ч. Айтматов көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, М. Гшлиессер көчөсүнөн чоң жолго чыккан Toyota Corolla менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен үч адам – эки айдоочу жана Mazda 6 унаасынын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда унаалар айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери башталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз