Бишкектин тургунунан акча опузалап келген топтун кармалган видеосу

Бишкектин тургунунан акча опузалап келген топтун кармалган видеосу

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери акча каражатын опузалап талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында Бишкек шаарынын тургуну акча каражатын опузалап талап кылуу фактысы боюнча ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Белгиленгендей, өткөн жылдын жаз айларынан бери мыйзамсыз аракеттер менен алектенген айрым адамдар дээрлик бир жылдан бери системалуу түрдө акча талап кылып келген.

Маалым болгондой, алар буга чейин бир топ суммадагы акча алышкан. Опузалап акча талап кылгандар келген сайын кандайдыр-бир криминалдык чөйрөнүн башчыларынын атынан келип жатканын айтып турушкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси «Опузалап талап кылуу» менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча УКККБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

2023-жылдын 6-мартында Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде акча опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын иш-чара жүргүзүлгөн. Бул жолу кол салгандар 100 миң сом талап кылышкан.

Кылмыштуу топтун алты катышуучусу опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалышкан. Аларды тинтүү учурунда мурда белгиленген 40 миң сом өлчөмүндөгү каражат табылып, далил зат катары алынган. Кармалган 6 жарандын өздүгү такталып, алардын көбү мурда кылмыштуу чөйрөгө аралашкан адамдар экени аныкталган.

Алардын арасында мурда соттолгондор, бир нече жыл мурда уюшкан кылмыштуулуктун субъектиси катары кармалып, опузалап талап кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдар да бар.

Мындан тышкары, опузалап талап кылган кылмыштуу топтун катышуучуларынын арасында Ысык-Көл облусунда туулган, мурда соттолгон жана мекендештеринен (эмгек мигранттарынан) акча талап кылган деген айып менен Орусияда жазасын өтөп келген жаран да бар.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>