БАЭден унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду

БАЭден унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду

Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.

«Т.Ж.А.» алуучунун дарегине БАЭден, унаада, жарым чиркегич менен автомобиль тетиктеринин ассортиментти товары келген.

Унааны алдын ала текшерүү учурунда декларацияланбаган «Toyota Camry», «Honda Jazz», «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаалар аныкталган.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>