Ысык-Көлдө «Климат-Тоолор-Жаштар» лагери өтүүдөКыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүдөБишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылдыЖаңы окуу жылына 3,2 млн нуска окуу китеп даярдалдыКунарсыз жайыттарга калыбына келтирүү үчүн үрөн себилетКыргызстанда 1-класска 93 миңден ашык окуучу кабыл алынды
Казак өкмөтү отставкага кетти
29.03.2023 | 12:41
Казакстандын өкмөтү VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы башталаар алдында отставкага кетти. Президенттин тиешелүү жарлыгына кол коюлганын, Акорда жарыялады.
Буга чейин премьер Алихан Смаилов өкмөт жаңы шайланган Мажилистин алдында отставкага кетүүгө камданып жатканын билдирген. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарышат.
«Жаңы премьер-министр ким болорун президент менен парламент чечет. Биз, албетте, ар кандай кырдаалга даярбыз», – деди Смаилов.
Алихан Смаиловдун өкмөтү январь окуясынан кийин эле түзүлүп, бир жылдан ашык иштеген. Бул убакыттын ичинде Министрлер кабинетинин курамында, анын структурасында да өзгөрүүлөр болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар