Ошто жасалма паспортторду даярдоочу канал аныкталды — видео

Ошто жасалма паспортторду даярдоочу канал аныкталды — видео

УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмга (ЭТУ) каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун аймагында КР жасалма паспортторун даярдоо каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, эл аралык террористтик уюмунун (ЭТУ) «И.Г.» айрым мүчөлөрүнүн өтүнүчүнүн негизинде, Ош облусу боюнча граждандык абалдын актыларын жазуу, калкты паспорттоштуруу жана каттоо органдарындагы байланыштары аркылуу, террордук аракеттерге катышканы үчүн издөөдө жүргөн, Өзбекстандын жарандарына Кыргызстандын жаранынын жасалма паспортторун жасоого аракет кылган, Ош облусунда туулган КР жараны Х.У.О. кармалды.

Х.У.О.нун жашаган жеринен тинтүү иштеринин натыйжасындагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын жаранынын 2 паспорту табылып алынган. Аталган факты боюнча учурда аталган паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>