Сузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндөБишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алындыКыргызстанда 316 базар жана 93 соода борбору иштейт – Улутстатком
Казак өкмөтү отставкага кетти
29.03.2023 | 12:41
Казакстандын өкмөтү VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы башталаар алдында отставкага кетти. Президенттин тиешелүү жарлыгына кол коюлганын, Акорда жарыялады.
Буга чейин премьер Алихан Смаилов өкмөт жаңы шайланган Мажилистин алдында отставкага кетүүгө камданып жатканын билдирген. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарышат.
«Жаңы премьер-министр ким болорун президент менен парламент чечет. Биз, албетте, ар кандай кырдаалга даярбыз», – деди Смаилов.
Алихан Смаиловдун өкмөтү январь окуясынан кийин эле түзүлүп, бир жылдан ашык иштеген. Бул убакыттын ичинде Министрлер кабинетинин курамында, анын структурасында да өзгөрүүлөр болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар