Санариптик өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министринин эки жаңы орун басары дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Айтымбетом Ренат Калкабаевич жана Кийизбаева Жазгуль Ильичевна санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге 25-мартта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев расмий түрдө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратына жаңы дайындалган санариптик өнүктүрүү министринин орун басарларын тааныштырды.

Ошондой эле жолугушуу учурунда башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулган  министрдин мурдагы орун басарлары Абдисамат Сагымбаев менен Айдарбек Мамбеткадыровду Санариптик өнүктүрүү министрлигинин аппаратынын жамааты ардак менен узатышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>