Новопокровкадагы трагедия: жарылуудан заводдун эки кызматкери каза болдуРоссия блогер Илья Варламовду “террористтер жана экстремисттер” тизмесине киргизгени айтылуудаБишкектин Чүй проспектисинде жети күнгө ысык суу өчүрүлөтМамлекеттик мекеменин мурдагы жетекчиси 26,8 млн сом зыян келтирди деп кармалдыЖол эрежесин бузгандар жоопко тартылат — Бишкекте “Рулда” рейди өтүүдөКөмүрдү белгиленген баадан жогору саткан айдоочулар Кара-Кеченин “кара тизмесине” киргизилет
Батирден якут бриллианттарын жана акча уурдап кеткен кыз кармалды
08.04.2023 | 10:22
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды, деп билдирди 8-апрелде Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Жабырлануучунун айтымында, кылмыш 3-апрелге караган түнү Рыскулов көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Борбор калаанын тургунунан 90 миң сомдук телефон, 210 миң сомдук телефон жана 404 миң 890 сомдук якут бриллианттары уурдалган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынган. Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштеринин алкагында милиция анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин аныктаган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал