Бишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырдыКыргызстанда асыл тукум чарба макамын алууга арыздарды кабыл алуу башталды
Дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Сабина Казакбаева табылды
08.04.2023 | 10:11
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Сабина Казакбаева табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-апрелде Ж.В. аттуу жаран небереси Казакбаева Сабинаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, небереси ошол эле күнү саат 12:00дөр чамасында Ош базарынын аймагында жоголуп кеткен.
Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жаранды издөө боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, издөө иштеринин жүрүшүндө кыз аман-эсен табылып, чоң энесине өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом