«Сөзсүз эле үнүмдү көтөрүшүм керекпи?»: Эрулан Кокулов Тоң районундагы ооруканада ызы-чуу чыгардыМанас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталдыЖанар Акаев эртең мененки рейддер салтын улантып, Оштун көчөлөрүндө тартип орнотууну тапшырдыМектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Министрлик парламентте айтылган сунуштарга жооп бердиРоссиянын мигранттарга карата жаңы мыйзамдары: Эмне үчүн кыргызстандыктарга зыянга караганда, пайдалуу болушу мүмкүн?Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорго жана ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Кыргызстандык оор атлетчилер Азия чемпионатына катышат
12.04.2023 | 18:07
Кыргызстандык төрт оор атлетчи Түштүк Кореянын Чежу шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 19-апрелден 2-майга чейин болуп өтөт. Ага Кыргызстандын атынан Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг), Эмил Молдодосов (89 кг), Иззат Артыков (73 кг) жана Ишенбек Муратбек уулу (67 кг) катышат.
Спортчуларды улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев коштоп барат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз