Таласта айыл имамына жаңы үй белек кылынды

Таласта айыл имамына жаңы үй белек кылынды

Таласта айыл имамына жаңы үй белек кылынды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге демөөрчүлөр тарабынан жаңы, заманбап турак-жай салып берилди.

Үйдү тапшыруу аземине Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, айыл аксакалдары жана демөөрчү Сүйүнбай Шекербеков үй-бүлөсү менен катышты.

Облус казысы Көк-Кашат айылынын имамы Бакыт Сатыбалдиевге колдоо көргөзүп, турак-жай салып бергени үчүн демөөрчүгө ыракмат айтып, казыяттын атынан ыраазычылык кат тапшырды.

«Сүйүнбай агабыздын жасаган бул жакшылыгы бардык мыктыларга үлгү, себеби берекелүү ыйык Рамазан айында имамды үй-бүлөсү менен кубантып, үй белек кылып жатат. Бул белек имамга дем-күч берип, мындан ары да эл үчүн мыкты кызмат кылышына шарт түзөт. Негизи эле имамдар күн-түн дебей эл кызматында. Айлык маянасы жок иштешет, андыктан биздин имамдарга ар дайым ар тараптуу колдоо керек. Жараткан бул жакшылыктын сыйлыгын бейиште чоң-чоң сарайлар менен кайтарат деп ишенебиз», – деди облус казысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>