Журналист Семетей Талас уулуна сот өкүм чыгарды — видео

Журналист Семетей Талас уулуна сот өкүм чыгарды — видео

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда журналист Семетей Талас уулунун иши каралып, ага өкүм чыгарылды.

Семетей Талас уулу Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү ( Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга соттолду. Ошол эле учурда ага 1 жылдык пробация колдонулуп, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулду.

Эскерте кетсек, Семетей Талас уулу 2022-жылдын 1-ноябрында ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алынып келип, андан кийин камакка алынган.

ИИМдин маалыматына караганда, ал «Фейсбукта» экстремисттик материалдар камтылган билдирүү жасаганы үчүн кармалган жана аталган факт УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү боюнча каттоого алынган.

Ал эми 3-ноябрда сот тарабынан ал үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>