Канатбек Бегалиев жаңы кызматка дайындалды

27.04.2023 | 10:07

Канатбек Бегалиев «Спорттук курулуштарды башкаруу жана спортту колдоо» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Буга чейин Канатбек Бегалиев Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон.

Мамлекеттик университеттин мурдагы директору Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт департаментинин директору болду.

Канатбек Бегалиев 2008-жылы Бээжинде өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында өлкөнүн атынан биринчи жолу күмүш медаль тагынган. Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын (2006) күмүш жана Азия чемпионатынын (2007) алтын медалынын ээси.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top