Токтогулда үч саатта 26 унаа айып аянтчасына киргизилди — видео

Токтогулда үч саатта 26 унаа айып аянтчасына киргизилди — видео

Жалал-Абад облусунун  Токтогул районунда жол кыймылына текшерүү жана көзөмөл  иштерин жүргүзүп, үч саат ичинде 33 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, райондун аймагында  жол кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө үч сааттын ичинде 26 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Алардын ичинен;

— тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 15 айдоочу;

— уруксатсыз  кошумча жабдыктап алгандар 3 айдоочу;

— терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 1 айдоочу;

— “Автоураган” аппараттык комплекси аркылуу өз убагында төлөнбөй жүргөн айып пулдары бар 14 айдоочу аныкталган.

Унаа кырсыктарынын  алдын алуу жана жол кыймылына көзөмөл жүргүзүү  максатында ЖКККББнын  атайын ротасы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларында, Базар-Коргон, Сузак жана башка райондорунда да рейддик иш-чараларды жүргүзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>