Жапаров Ташкентте Арипов менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Жапаров Ташкентте Арипов менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарына (Өзбекстан) болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу өз ара кызматташуунун эки жакты тең кызыктырган маселелердин кеңири топтомун талкуулашты.

Тараптар министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Өзбекстан Республикасына жакында болгон жумушчу сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды практика жүзүндө ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

«Менин жакында болгон расмий сапарымдын жыйынтыгы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташуу жаатында абдан жемиштүү болду. Анын жыйынтыгында кол коюлган бардык документтер биринчи кезектеги мүнөзгө ээ — биздин экономикалык кызматташуубузду илгерилетүүнүн мындан аркы багытын аныктайт», — деди Акылбек Жапаров.

Тараптар ошондой эле, өкмөт башчыларынын деңгээлинде боло турган иш-чаралардын уюштуруу маселелерин, атап айтканда, чек арага жакын облустардагы Кыргызстандын президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага чектеш облустарынын хокимдеринин Кеңешинин кезектеги жыйынын жана эки тараптуу кызматташуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, жумуш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров 27-апрелде Ташкент шаарында президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өтүүчү жана дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнүн 2500 өкүлдөрүн чогулткан II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун ишине катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>