Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Тентимишев автоунаа терезесин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады.
Анын айтымында, адегенде алар унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат баасы 30-50 миң сом болорун айтышкан,
«Азыр 80 миң сом турат. Жок дегенде 40 миң сом кылуу керек. Арыз бергендердин саны көбөйүп, бюджетке түшкөн каражаттар көбөйөт. Жылына 80 миңге тонировкалоо ар кимдин эле колунан келе бербейт», — деди Бакыт Тентимишев.
Эске салсак, унаанын терезелерин караңгылатууга төлөөнүн тартиби 2022-жылдын 23-майында Министрлер кабинети тарабынан бекитилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз