Ошто пенсионер аял киши колдуу болду. Милиция эмне дейт?

Ошто пенсионер аял киши колдуу болду. Милиция эмне дейт?

Ош облусунун Ноокат районунда 81 жаштагы улгайган аял киши колдуу болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-апрелде болжол менен саат 18:30да Ак-Булак айылында кароосуз үй өрттөнүп, анын жер төлөсүндө белгисиз адамдын сөөгү табылып, бул тууралуу милицияга кабарланган.

Жерине райондук милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн.

«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, өрт чыккан үйдүн жер төлөсүнөн сөөгү табылган адам Ак-Булак айылынын 81 жаштагы Б. Б. (аял киши) аттуу тургуну экени жана киши колдуу болгондугу аныкталган.

Ошондой эле, окуя боюнча ар тараптуу жана объективдүү текшерүү иштерин жүргүзүү максатында маркум Б.Б.нын эмнеден улам каза болгондугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, соттук-биологиялык, соттук-криминалисттик экспертиза дайындалган», — деп билдиришти милициядан.

Анданы тышкары, өрттүн келип чыгышын аныктоо үчүн өрт-техникалык экспертиза дайындалып, окуя болгон жердин айланасындагы күбөлөр суракка алынган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>