Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салдыКыргызстанда жүктөрдүн 80%дан ашыгы автоунаа менен ташылат, жеңил унаалардын саны 13%га өстүКыргызстанда бөйрөк жана боор алмаштыруу боюнча 127 операция жасалдыКыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга жана менчиктештирүүгө тыюу салындыОш — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталат
Депутат унаа терезесин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады
27.04.2023 | 13:57
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Тентимишев автоунаа терезесин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады.
Анын айтымында, адегенде алар унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат баасы 30-50 миң сом болорун айтышкан,
«Азыр 80 миң сом турат. Жок дегенде 40 миң сом кылуу керек. Арыз бергендердин саны көбөйүп, бюджетке түшкөн каражаттар көбөйөт. Жылына 80 миңге тонировкалоо ар кимдин эле колунан келе бербейт», – деди Бакыт Тентимишев.
Эске салсак, унаанын терезелерин караңгылатууга төлөөнүн тартиби 2022-жылдын 23-майында Министрлер кабинети тарабынан бекитилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом