Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
Майып адамдарга жардамчы болуп иштегендердин саны көбөйдү
28.04.2023 | 10:04
Жеке жардамчы кызматын алуучулардын саны 57,8%га көбөйүп, 13,1 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 1-июнунан тартып бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон I топтогу майыптыгы бар 18 жаштан жогору жарандарга персоналдык жардамчынын кызматына акы төлөө киргизилген.
“2022-жылдын июнь айынан тарта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен жеке жардамчынын кызматына акы төлөөнүн өлчөмү 4900 сомдон 6300 сомго чейин көтөрүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом