Нарын жана Жалал-Абаддын милициясына унаалар тапшырылды

Нарын жана Жалал-Абаддын милициясына унаалар тапшырылды

Бүгүн, 28-апрелде Нарын жана Жалал-Абад облустук милициянын кызматкерлерине унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарада ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып, унааларды мамлекет жана демөөрчүлөр берип жатканын белгилеген.

«Урматтуу кесиптештер, кыргыз элинин коопсуздугун камсыз кылуу, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чыңдоо максатында биз жаңы, заманбап үлгүдөгү унааларды аймактык бөлүмдөргө өткөрүп жатабыз.

Өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилди. Милиция кызматкерлеринин ишине жана жарандардын коопсуздугуна ар тараптан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ИИМдин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирем. Аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, унааларды Жалал-Абад жана Нарын облустук ички иштер органдарына тапшырабыз»,— деди Бийбосунов

Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилик курамга бардык мезгилдерге ылайыктуу жаңы формалардын үлгүлөрү көрсөтүлгөн.

«Форманы иштеп чыгууда ар кандай климаттык шарттарда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин каалоолорун, ошондой эле чет өлкөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен кызматкерлер үчүн эң ыңгайлуу кийимдерди чыгаруу боюнча негизги басым жасалды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин статусун жана кийимдеринин сапатынжогорулатуу максатында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын эске алуу менен жаңы формалардын линиясы иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө, Ички иштер министрлиги демөөрчүлөр, эл аралык өнөктөштөр, чет элдик кесиптештер жана коопсуздук тармагында иш алып барган дүйнөлүк уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ушул жылдын аягына чейин дагы бир катар заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам-кызматтык ишмердикти дагы бекемдөө боюнча иш-чараларды пландаштырылууда», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>