Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Кыргызстандык тасма Франция жана Кытайдагы фестивалда байге алды
28.04.2023 | 10:03
Кыргызстандык «Собол салган адам» тасмасы чет өлкөдө өткөн эки эл аралык кинофестивалда байге алды. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Найзабек Сыдыков тарткан тасма Франция жана Кытайдагы фестивалда “мыкты режиссерлук иш” сыйлыгын алган.
Тасма Internews.kg’нин колдоосу менен тартылган.
Тасма тууралуу: Борбор Азиядагы жакынкы келечек. Үмүт аттуу өспүрүм шаар башчысы Келечек шаарын курабыз деп убадалап, акырындан бардык имараттарды бузуп жатканын сезет. Өспүрүм Келечек шаары курулбай турганын, ал мурда болгонун, азыр аны бузуп жаткандарын билип калат…
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз