Марлен Маматалиев парламенттин Төрагасынын алдындагы Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин жандандырдыБишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайы
Өлкөдөгү бейтапканаларга 15 гемодиализ аппараты сатып алынды
02.05.2023 | 18:10
Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жабдыктар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.
Долбоордун максаты – COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.
“Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары”, – деп билдирет министрлик
Гемодиализ аппараттары төмөнкү бейтапканаларга берилген:
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына – 1,
- M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна – 1,
- Улуттук госпиталга – 1,
- М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна – 1,
- Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына – 1,
- Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына – 1,
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна – 2,
- Чүй облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Талас облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Баткен облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Нарын облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борборуна – 1.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом