Кыргызстанда жер көчкү коркунучун азайтуунун жаңы ыкмалары колдонулуудаКыргызстан Кытайдан күйүүчү май жеткирүүнү көбөйтүүгө кызыкдар — Министрлер кабинети18-август: айрым жерлерде өткүн өтөтЭмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынат
Өлкөдөгү бейтапканаларга 15 гемодиализ аппараты сатып алынды
02.05.2023 | 18:10
Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жабдыктар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.
Долбоордун максаты – COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.
“Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы муундагы көчмө гемодиализ аппараттары”, – деп билдирет министрлик
Гемодиализ аппараттары төмөнкү бейтапканаларга берилген:
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына – 1,
- M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна – 1,
- Улуттук госпиталга – 1,
- М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна – 1,
- Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасына – 1,
- Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына – 1,
- Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна – 2,
- Чүй облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Талас облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Баткен облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Нарын облустук бириккен ооруканасына – 1,
- Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борборуна – 1.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом