Кыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмаштыМандатын тапшырган Сулаймановдун ордуна Азизбек Абдуллаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди2025-жылы Ош шаарын өнүктүрүүгө бюджеттен 6,6 млрд сом бөлүнгөнМСК: Мамлекеттик кызматкерлер жана уюмдар салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырышы керекКыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылды
40 миң доллар опузалоого шектелген блогер эки айга камалды
05.05.2023 | 12:50
Чүй облусунда 40 миң доллар пара опузалоого шектелип кармалган блогер Улан Бекмуратов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, блогердин баш коргоо чарасы 4-майда Аламүдүн райондук сотунда каралып, аны 2-июлга чейин камакка алуу чечими чыгарылган.
Эскерте кетсек, 2-майда блогер Улан Бекмуратов 76 жаштагы жарандан акча опузалогоо шектелип кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, блогер аталган жаран тууралуу терс мүнөздөгү видеону жарылай турганын айтып, 40 миң доллар талап кылган. Ал 37,3 миң доллар алып, кийин дагы акча сураган. 18-апрелде аталган жаран милицияга кайрылган.
https://reporter.kg/40-min-dollar-opuzaloogo-shektelgen-bloger-tuuraluu-emne-belgilyy/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом