Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата автожүрүш өткөрүлдү — сүрөт

Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата автожүрүш өткөрүлдү — сүрөт

Бүгүн, 5-майда Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган «Согуш, куралдуу күчтөр, укук коргоо органдарынын ардагерлер жана оорук эмгекчилеринин Республикалык Кеңеши» коомдук бирикменин өкүлдөрүнүн «Жеңиш ырлары» ураан алдында автожүрүшү болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, автожүрүш Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтынан башталып, Кант, Токмок, Кемин шаарлары, Кемин районунун Боролдой айылынын каттамында жүрдү.

Иш-чаранын катышуучулары Улуу Ата-Мекендик согушка арналган боордош мүрзөлөргө жана эстеликтерге гүл чамбар коюп, курман болгон баатырлардын элесин бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Иш-чара жоокер куткаруучулардын улуу эрдигин эскерүүгө жана жаштарды аскердик-атуулдук багытта, Мекенди сүйүү жана аскердик антта бекем рухту тарбиялоо максатында жыл сайын жүргүзүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>