Депутат бийликти блогерлерди тартипке келтирүүгө чакырды (видео)

Депутат бийликти блогерлерди тартипке келтирүүгө чакырды (видео)

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев блогер пара менен кармалганы тууралуу маалымат боюнча билдирүү жасап, бийликти блогерлерди тартипке келтирүүгө чакырды.

Анын айтымында, кармалган блогер буга чейин президент жана башка адамдарды жамандап жүргөн.

«Баарын жамандады. Шантаж кылып, пара менен калды. Эми блогерлер милицияны алып барып, текшертип жатат. Бул эмне деген жакшылык? Кандай кылабыз муну? Бир блогер чыгып алып, кыргызды сөгүп жатат. Көрүнгөнү (баарын айта албайм, кээ бирөө түз кирет) мамлекеттик органга кирип алып, мен блогермин деп ит-акмагын чыгарып, иштетпей жатат. Бирөө жамандап жатат, бирөө кармалып жатат. Бул боюнча өкмөт менен бир чечимге келишибиз керек», — дейт ал.

Сөзүн улан ал блогерлерди тартипке келтирүү керектигин айтты.

«Мамлекеттик бийлик иретке келтириши керек. Бул өлкөдө мамлекет барбы? Өкмөт менен Жогорку Кеңеш массалык маалымат каражаттары менен блогерлерди, ээнбаштарды, ичи арамдарды бөлүп, тартипке келтириш керек. Убакыт келди. Иретке салыш керек», — деди ал.

Буга чейин Чүйдө блогер пара менен кармалганы кабарланган.

Белгилүү болгондой, 18-апрелде милицияга 76 жаштагы жаран кайрылган. Ал У. аттуу блогер ал тууралуу терс мүнөздөгү видео жарыялай турганын айтып, 40 миң доллар акча опузалаганын билдирген. Ал аталган акчанын 37,3 миң долларын берген. Бирок блогер акча опузалоону уланткан.

Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, 2-майда 2,7 миң доллар алып жаткан жеринен 33 жаштагы Б.У. аттуу блогер кармалган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Анын баш коргоо чарасы 4-майда каралат. Тергөө уланууда.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>