9-майда Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.
9-майда саат 09:00 Түштүк дарбазадан “Өлбөс полк-Кыргызстан” акциясы башталат. Марштын катышуучулары төмөнкү маршрут боюнча жүрүшөт: Түштүк дарбаза – Абдрахманов-Фрунзе көчөлөрү — Жеңиш аянты.
Акциянын уюштуруучулары – “Өлбөс полк-Кыргызстан” кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы.
Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди ардагерлериңиздердин сүрөттөрү менен шаарыбыздын көчөлөрүндө жүрүшкө чакырабыз.
Ошондой эле иш-чаралар борбордун бардык райондорунда уюштурулат.
Ленин району:
8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием жана гүл чамбарларды коюу өткөрүлөт.
9-майда район башчысы ардагерлерди үйүндө зыярат кылат.
Октябрь району:
9-майда саат 18:00дө “Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн “Жеңиш ырлары” аттуу концерт даярдалат.
Биринчи май району:
2023-жылдын 1-майынан 5-майына чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүнүн мааракесин майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышат.
8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.
9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт.
Свердлов району:
4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.
Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаанын мэриясы сиздерди келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктап, иш-чараларга катышууга чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз