Кызыл-Аскерде подъездге кирип, эшиктерди карап жүргөн эркек кармалдыОш мэриясы кышка даяр — жол тазалоочу техникалар текшерилдиБетинде кан менен айтып берген. Милиция Ярослав Овсюктун «шеригин» таптыКыргызстан шаар куруунун жаңы багыттарын талкуулады — Азербайжанда эл аралык форум өттүСүйүүнү даңазалаган “Жамийла” мюзикли көрүүчүлөргө тартуулануудаБишкекте Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу өттү
Сузакта жол кырсыктан 3 адам көз жумган. Шектүү кармалды
11.05.2023 | 11:05
Жалал-Абаддын Сузак районундагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-апрелде болжол менен саат 14:50дө Сузак районунда “Дэу-Нексия” менен “Мерседес-Бенц” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Натыйжада “Дэу-Нексия” унаасында бара жаткан 3 жүргүнчү көз жумган. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу – Сузак районунун 33 жаштагы Э.Н. аттуу тургуну убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз