Эл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалдыБеларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылдыБишкекте Кайгуул кызматынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп кармалган айдоочу ким болуп чыкты?6-апрель: Айрым аймактарда жаан жаайтКазакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон ашты
Чүй дарыясында табылган өлүк балыктар. Министрлик эмне дейт?
17.05.2023 | 10:50
Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу жеринде үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү. Бул туралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өлүк балыктар Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан табылган. Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан.
“Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик балыктар эмне себептен өлгөнү аныкталганга чейин аймактын тургундарын балык жегенден баш тартууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом