Таш-Көмүр шаарында 1,5 млн долларга көмүрдү кайра иштетүүчү завод курулуудаКыргызстандын ИДПсы тогуз айда 10,8% өстү: экономиканын негизги көрсөткүчтөрү«Дордойдогу» өрт: 25 контейнер жабыркап, кылмыш иши козголдуКыргызстанда ажырашкандан кийин мурдагы жубайын үй менен убактылуу камсыздоого милдеттендирүү каралуудаУКМК «НЭСКтин» эки кызматкерин пара алуу боюнча кармадыКыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилди
Чүй дарыясында табылган өлүк балыктар. Министрлик эмне дейт?
17.05.2023 | 10:50
Чүй дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу жеринде үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлдү. Бул туралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өлүк балыктар Төмөнкү Чүйдөн түшкөн каналдан табылган. Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан.
“Балыктын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн бардык материалдар Республикалык ветеринардык лабораторияга тапшырылды. Жыйынтыгы 3 күндөн кийин белгилүү болот”, – деп айтылат маалыматта.
Министрлик балыктар эмне себептен өлгөнү аныкталганга чейин аймактын тургундарын балык жегенден баш тартууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом