Айып пул көбөйгөндөн кийин эреже бузган айдоочулар азайды

17.05.2023 | 23:56

Жол кыймылынын айрым эрежелерине салынган айып пулдардын жогорулагандан кийин жол эрежесин бузуу фактыларынын бардык түрлөрү төмөндөөдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинен:

– төрт айда ылдамдыкты ашыра айдаган 41 миң 938 айдоочу аныкталса, былтыр ушул убакытта 45 миң 200 айдоочу аныкталып, жол эрежесин бузуу 3262 фактыга азайган.

– мас абалында унаа башкаргандардын саны төрт ай ичинде 3245 факты аныкталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 784 фактыга азайган (2022-жылдын 4 айында 4029 факты);

– коопсуздук курун тагынбай унаа айдагандардын саны быйыл төрт ай ичинде 95 миң 628 айдоочу аныкталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 14 миң 871 фактыга азайган “2022-жылы 110 миң 499 факты);

Быйылтан тартып жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө айып пулдардын көтөрүлгөндүгүнүн себебинен Кыргызстанда жол эреже бузуу фактыларынын бардык түрлөрү азайууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top