Ошто жүзүн жаап жүргөн 22 кыз-келинге айып салындыКөптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон учурулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды
Төө-Ашууда унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет
18.05.2023 | 22:21
Төө-Ашуудагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.
Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом