19-майга карата аба ырайы

19-майга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +21…+26

Талас облусу

түнкүсүн +7…+12

күндүз +18…+23

Баткен облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +10…+15

күндүз +20…+25

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +19…+24

Нарын облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +17…+22

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>