№13 округдан шайланган депутаттар Жогорку Кеңеште ант бериштиКыргызстандыктардын үчүнчү тобу Словакияга жумушка жөнөп кеттиЭрмек Омуралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана таштандыларды башкаруу боюнча жаңы чаралар бекитилдиКыргызстанда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөтАнтимонополиялык жөнгө салуу кызматынын жетекчиси алмашты
Эртең Бишкекте ысык суу 1 айга өчүрүлөт
21.05.2023 | 15:09
Бишкекте эртең, 22-майда ысык суу бир айга өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ысык суу 22-июнга чейин өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка буга чейин калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
«Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда», — деп билдирет мэрия.
Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом