Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалды
Мамлекеттик мекеме 1,9 млн сомго Toyota RAV 4 унаасын сатып алат
25.05.2023 | 15:44
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин “Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик мекемеси дээрлик 2 млн сомго унаа сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган мамлекеттик мекеме Toyota RAV 4 унаасын 1 млн 950 миң сомго сатып алууну пландап жатат. Toyota RAV 4 2016-2018-жылдар аралыгында чыккан болуш керек. Ошондой эле унаанын өңү ак же күмүш түстө жана ичи булгаарыдан кара түстө болушу кажет.
Тендер боюнча арыздар 8-июнга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом