Кыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирдиЧет өлкөдө берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк «Санарип документтер» бөлүмүндө пайда болотОш шаарында студенттер үчүн 720 орундуу жатакана курулат
Мамлекеттик мекеме 1,9 млн сомго Toyota RAV 4 унаасын сатып алат
25.05.2023 | 15:44
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин “Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту” мамлекеттик мекемеси дээрлик 2 млн сомго унаа сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган мамлекеттик мекеме Toyota RAV 4 унаасын 1 млн 950 миң сомго сатып алууну пландап жатат. Toyota RAV 4 2016-2018-жылдар аралыгында чыккан болуш керек. Ошондой эле унаанын өңү ак же күмүш түстө жана ичи булгаарыдан кара түстө болушу кажет.
Тендер боюнча арыздар 8-июнга чейин кабыл алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом