Вебкам бизнес менен ачык алектенип жүргөндөр аз эмес, — депутат

Вебкам бизнес менен ачык алектенип жүргөндөр аз эмес, — депутат

Кыргызстанда вебкам бизнес менен ачык алектенип, миллионер болуп, өзүн ишкер деп эсептеп жүргөн адамдар аз эмес. Бул тууралуу 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Эл өкүлү ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден бул багытта кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

“Ошол бизнес аркылуу миллиондоп каражат тапкан адамдар социалдык тармактарда ачык эле мактанып жүрүшөт. Аны укук коргоо органдары билишет. Ал бизнесте батирлерди ижарага алып иштешет, айып пул төлөп коюп кайра ачылып, иштеп жатышат. Алар менен кантип күрөшүп жатасыздар?”, — деп сурады Сурабалдиева.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы баркармалыгынын бөлүм башчысы Чыңгыз Иманалиев жыл башынан бери Кыргызстанда вебкам боюнча үч факт катталганын айтып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>