Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 млн сомдук товарды кармашты
23.01.2020 | 18:01
Ош облусуна караштуу Ноокен районундагы Көк-Жар айлында кыргызстандык жарандын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц 412» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүүгө алганда ичинен жалпы 168 миң пачка «Orbit» маркасындагы сагыз табылды. Аталган товар аткезчилик жол менен ташылып келе жатканы аныкталганын Бажы кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, айдоочу товарды тастыктаган тийиштүү документтерди көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын орточо базар баасы 3 миллион 24 миң сомду түзөт.
Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар