Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланды, ал эми Германия — биринчи жолу өтпөй калдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолундагы үйлөрдүн ээлерине кенемте төлөнөтСурабалдиева Нидерланддардын суу ресурстарын башкаруу тажрыйбасын өздөштүрүүнү сунуштадыБеларустун Премьер-министри Александр Турчин Бишкекке сапар менен келдиЖогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды президентке электрондук форматта жөнөтүү башталдыЖогорку Кеңеш адвокатураны реформалоо боюнча мыйзам долбоорун экинчи ирет кароодон алып салды
“Манас” эл аралык аэропортунда аба ырайына байланыштуу каттамдардын убактысы жылдырылды
23.01.2020 | 15:48
Бүгүн, 23-январда “Манас” эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдардын убактысы жылдырылды. Бул тууралуу аэропорттон маалымдашты.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу каттамдардын убактысы жылдырылууда. Анткени туман түнкү саат 03:00дөн баштап байкала баштаган. Учурда Москва-Бишкек-Москва багытындагы 2 рейстин убактысы жылдырылды. Мындан тышкары, Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы жана Ош-Бишкек багытындагы ички каттамдардын учуу убактысы жылдырылды.
Каттамдардын убактысын алдын ала тактап алууну өтүнөбүз. “Манас” аэропорту – 0(312) 693-0109 жана “Ош” аэропорту – 0(3222) 90101″, – деди басма сөз катчы.
“Манас” аэропорту бул ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом