Кыргызстан өзүнүн чыгармачылыгын “Интервидение–2025” сынагында көрсөтөтСары-Ташта артиллериялык бөлүкчөлөрдүн талаа жыйыны өтүүдөБорбор Азия: стратегиялык таасир үчүн күрөшУКМК Чүй облусунда мыйзамсыз миграция каналын бөгөттөдүКыргызстанда майыптыгы бар адамдар үчүн жеке ассистенттердин саны көбөйдүМинКаб Төрагасы Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясы менен жолукту
Жапаров Бабанов жол курууга демөөрчү болуп жатканын айтты
09.06.2023 | 20:41
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган кезектеги маегинде жол курууга демөөрчүлөрдүн атын атады.
Өлкө башчынын айтымында, Жумабек Салымбеков 50 млн сом Нарын шаарындагы жолдорду курууга берген.
“Өмүрбек Бабановду да билесиздер, бул ишкерибиз болсо 80 млн сом, дагы бир жеке ишкерлер Марат Назарбеков жана Алмазбек Тиленбаев 30 млн сомдон бөлүштү. “Бакай” банкынын ээси Сергей Ибрагимов болсо 200 млн сом каражатын ортого салды. Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдорун оңдойлу деп жатабыз.
Ал эми Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүндү” деди Садыр Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат