Азия чемпионаты (U17): Кахаров менен Чыныбаева күмүш тагынды

13.06.2023 | 09:00

Бишкекте 17 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинин үчүнчү күнүндө кыргызстандык эки спортчу күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

12-июндагы мелдеш күнүндө эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар күч сынашты. Эркин күрөштөн 65 кг салмакта Рустамжан Кахаров күмүш байге тагынды.

Спортчу таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында казак балбанды 5:4 эсебинде уткан. Кийинки беттешинде монголиялык спортчуну 10:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда өзбекстандык балбанды 9:2 эсебинде уткан. Финалдык беттеште ирандык балбанга 8:4 женилип, 2-орунду ээлеген.

 

Ошондой эле, балбан кыздардын арасынан Акылай Чыныбаева күмүш медаль утту.

Ал 57 кг салмакта күрөшүп, беттештерди 1/4 финалдан баштаган.

Биринчи атаандашы Кытайлык Тайбэйден келген спортчу болгон. Чыныбаева аны 4:2 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда кытайлык спортчунун далысын жерге басып, таза жеңишке жеткен.

Ал эми, алтын медаль үчүн беттеште индиялык балбанга 2:0 эсебинде женилип, 2-орунду алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top