Кыргызстандык «Собол салган адам» кыска метраждуу тасмасы Кореядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтулөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Найзабек Сыдыковдун тасмасы Busan International Kid’s and Youth Film Festival — Балдардын жана өспүрүмдөрдүн киносунун Пусан эл аралык фестивалына катышат. Ал 10-16-июлда болуп өтөт.
Тасма Internews.kg’нин колдоосу менен тартылган.
Тасма тууралуу: Борбор Азиядагы жакынкы келечек. Үмүт аттуу өспүрүм шаар башчысы Келечек шаарын курабыз деп убадалап, акырындан бардык имараттарды бузуп жатканын сезет. Өспүрүм Келечек шаары курулбай турганын, ал мурда болгонун, азыр аны бузуп жаткандарын билип калат…
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз