Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөт
«Собол салган адам» тасмасы Кореядагы фестивалга катышат
13.06.2023 | 12:08
Кыргызстандык «Собол салган адам» кыска метраждуу тасмасы Кореядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтулөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, Найзабек Сыдыковдун тасмасы Busan International Kid’s and Youth Film Festival – Балдардын жана өспүрүмдөрдүн киносунун Пусан эл аралык фестивалына катышат. Ал 10-16-июлда болуп өтөт.
Тасма Internews.kg’нин колдоосу менен тартылган.
Тасма тууралуу: Борбор Азиядагы жакынкы келечек. Үмүт аттуу өспүрүм шаар башчысы Келечек шаарын курабыз деп убадалап, акырындан бардык имараттарды бузуп жатканын сезет. Өспүрүм Келечек шаары курулбай турганын, ал мурда болгонун, азыр аны бузуп жаткандарын билип калат…
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз