“Погончон кылмышкерлер” менен күрөш жүрүп жатат, — Садыр Жапаров

“Погончон кылмышкерлер” менен күрөш жүрүп жатат, — Садыр Жапаров

“Погончон кылмышкерлер” менен тынымсыз күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кылмышкерлер аныкталып, схемалары токтотулуп, аларга кылмыш иши козголууда. Бул күрөш аскерлер арасында эле эмес, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, соттордун, УКМКнын, Бажы органдарынын түзүмүндө да жүрүп жатат.

«Ким болбосун, мыйзамды бузуп, пара талап кылса, анда биздин улуттук коопсуздугубузга, коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө сокку урган болот. Биз аларды кечирбейбиз. Алар мамлекеттин каарын жон терилери менен сезиш керек. Аскер кызматкери же чиновник болобу, биздин коргонуу жөндөмдүүлүгүбүзгө зыян келтире турган болсо, катуу жазаланат. Мындай чыккынчыларга кечирим жок”, — деди Садыр Жапаров.

Президент өлкөнүн мүлкүн уурдоого эми жол берилбей турганын белгиледи.

«33 жыл ичинде мамлекеттин мүлкү, акчасы ар кандай жолдор менен уурдалгандыктан өлкө өнүкпөй, ушундай абалга келген. Биз мындан ары буга жол бербейбиз. Алар кармалат, аларга кылмыш иши козголот. Уурдалгандан эки эсе эмес, 5-10 эсе көп кайтаруунун мыйзамдуу жолдорун табабыз. Же жаңы мыйзамдарды иштеп чыгабыз. Биз ошого карай жылып жатабыз», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>