Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутаттар Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевдин айлык маянасы канча экенине кызыгышты.
Мусаев айлык маянасы 56 миң сом экенин айтты. «30 жылдан ашык тажрыйбам бар», — деди ал. Ал 57 жашта.
Депутат Жеңишбек Токторбаев алар болжол менен бир убакта пенсияга чыга турганын айтып, «мен 10 миң сом менен пенсияга чыгам. А силер 125 миң сом менен чыгасыңар. Мына адилеттүүлүк», — деди Токторбаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз