Кыргызстанда соттор канча пенсия алары айтылды

Кыргызстанда соттор канча пенсия алары айтылды

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде соттордун пенсиясына кошулуп берилген үстөк акыны алып салуу маселеси каралды.

Тиешелүү мыйзам долбоору депутаттар Жеңишбек Токторбаев жана Алишер Козуев тарабынан даярдалган.

Жыйында баяндама жасаган Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, айрым соттор 129 миң сомго чейин пенсия алат. Анын ичинен 65 миң сому пенсияга кошумча үстөк болуп саналат. Ал эми, эң аз пенсия 21,5 миң сом болсо, үстөк акы катары дагы 13,5 миң сом берилет. Депутаттын пикиринде, соттордун алган пенсиясынын өзү эле жетиштүү болгондуктан, үстөк акыны алып салуу керек.

«Социалдык фонддун маалыматы боюнча, пенсия курактагы сотторго чегерилген пенсиясынын максималдуу өлчөмү 129 миң 832 сомду түзөт. Ал эми чектелген үстөк акынын максималдуу өлчөмү 62 миң 951 сомду түзөт», — деди ал.

Ошондой эле, анын айтымында, 2020-жылдагы маалыматка караганда, экс-соттордун бири жалпы 105 миң сом пенсия алган. Анын ичинен 62 миң сом пенсиясы болсо, калган 42,4 миң сому үстөк акы болуп саналат.

Токторбаев билдиргендей, 2010-2022-жылдары пенсияга чыккан соттор 166 млн 701 миң пенсия алган. Ошол эле мезгилде үстөк акы катары аларга 257 млн 49 миң сом төлөнгөн.

Ал кошумча үстөк катары бөлүнгөн каражат башка жарандарга пенсия төлөөгө жумшалса туура болмок деген ойдо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>