Пакистан менен Ооганстан ок атышууну убактылуу токтотууну макулдашыштыТемир жолдон энергияга чейин — Нурдан Орунтаев Кытайдын элчиси менен жолуктуАида Салянова 11 жыл мурун киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча үн каттыОшто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейт
Бишкекте Lexus менен Sprinter сүзүштү (видео)
03.07.2023 | 15:39
Бишкекте Lexus менен Mersedes Benz Sprinter унааларынын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндө (12-кичирайон жакта) болжол менен саат 11:30да болгон. Mersedes Benz Sprinter карама-каршы тилкеге чыгып кетип, Lexus унаасы менен сүзүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыктан эки айдоочу жабыркап, тез жардам менен ооруканага алынып кеткен.
Учурда жабыркагандардын саны такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз