Эми унааны каттоо жубайлардын макулдугу менен гана ишке ашат

Эми унааны каттоо жубайлардын макулдугу менен гана ишке ашат

Бүгүн, 3-июлдан тарта унааларды кайра каттоо жубайлардын макулдугу менен ишке ашат. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемеси билдирди.

Маалыматка караганда, “Үй-бүлө” кодексине ылайык, жубайлардын нике учурунда арттырган мүлкү, эгерде жубайлардын ортосундагы келишимде башкасы белгиленбесе, жубайлардын жалпы мүлкү болуп саналат.

Ушуга байланыштуу нике учурунда транспорт каражатын сатууда жубайлар “Унаа” мекемесинин бөлүмүнө же секторуна кайрылышы керек.

Анда төмөнкү шарттар колдонулат:

— Визуалдык кароо жана фотофиксациялоо үчүн транспорт каражатын берүүгө шарт;

— Каттоо боюнча адиске кезек тартибинде кайрылуу;

— Никелешүү тууралуу күбөлүктү көрсөтүү;

— Жубайы/жолдошу кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдук берүү үчүн арыз толтурушу жана фотофиксациядан өтүү;

— Транспорт каражатын кайра каттоо жол-жобосун аягына чыгаруу.

“Жубайлардын бири «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмүнө келе албаган учурда, транспорт каражатын ажыратууда кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдук берүү жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арыз берүү зарыл. Транспорт каражатын сатууда нике тууралуу маалымат жок болгон учурда сатуучу никеде эмес деген милдеттенмени толтурат”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган мекемеден билдиришкендей, эгерде ээликтен ажыратылган кыймылдуу мүлк никеге турганга чейин алынган болсо, анда жубайынын макулдугу талап кылынбайт.

«Унаа» мекемеси жарандардан транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ажыратууда үй-бүлөлүк мыйзамга баш ийүүнү суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>