Бишкекте милиция кызматкерлери арасында таймаш өттү (сүрөт, видео)

Бишкекте милиция кызматкерлери арасында таймаш өттү (сүрөт, видео)

Бишкек шаардык жана райондук милициянын курама командаларынын арасында күч таймашы боюнча биринчилик өттү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдеш Бишкек шаардык милициянын кадрлар бөлүмүнүн өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 30-июнь күнү «Динамо» спорт комплексинде өткөрүлгөн.

Таймаш аркан тартыш, таяк тартыш жана гиря көтөрүү боюнча өтүп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун милициянын командасы биринчи орунду ээлеген. Бишкек шаардык милициянын командасы экинчи орунга жана Биринчи май райондук милицияныкы үчүнчү орунга татыган.

«Шаардык милициянын жетекчилиги алардын сергек жашоого кошкон салымын татыктуу баалап, диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>